Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Канаты бар, канатчан. Канаттуу кушка тил кирип, Мукам-мукам үндөгөн (Барпы). Унутуп ачык бойдон койгон эле, Сулууну канаттуу дөө ала качты (Үмөталиев). 2. Жалпы эле куштар. Канаттуулар фермасы. Канаттуу учуп өтпөгөн, Көйкөлүп шибер өспөгөн (Турусбеков). Жүгүргөндө жаныбар, Канаттуу качып кутулбайт («Манас»). 3. өт. Учкан куштай тез жүгүргөн күлүк. Куюндар менен жарышып, Канаттуу тулпар дегизген (Токомбаев). Сөзүмө кулак салыңыз, Канаттуу кара бээңди, Чалгынга минип алыңыз («Эр Төштүк»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАНАТТУУ АТ — кыргыз элинин мифологиялык түшүнүктөрүнүн эң байыркы катмарларынан келе жаткан, жан-жаныбарлар тууралуу мифтердин эң өнүккөн тибине жаткан көөнө аң-сезим жараткан мифологиялык образ. Мындай байыркы түшүнүктөр менен рухий дөөлөттөрдүн учурдагы адабий-маданий өнүгүштөгү ролу жөнүндө Ч. Т. Айтматов даана белгилеген: «Ажайып искусство образдарында, башкача айтканда байыркы мифтерде, аңыз аңгемелерде (легендаларда), классикада сакталып калган рухий таржымалы менен тарыхын унутуп калган адам акыл-эс жагынан эч качан жарыбайт, андай адам азыркы ашкан татаал турмушту аңдаганга алсыздык кылат» (Ч. Айтматов. «В соавторстве с землею и водою...» Фр., 1978, 381-б.). Көөнө коллективдүү элес-түшүнүктөрдүн, элдик этика менен эстетикадагы нускалуу салттардын рухий-аксиологиялык бай арсеналында мал киндиктүү жергени мекендеген ат жандуу эл — кыргыздар үчүн так ошо жашоо-тиричилиги менен аң-сезимдеги мифологиялык көөнөнүн көптөгөн түрлөрүнүн ичинен (космогониялык, лунардык, солярдык, астралдык, антропоморфтук, кудай, пайгамбар, пир, периште, жин-шайтан, гиги дүйнө, тозок, бейиш, этиологиялык мифтер, тотем, жан-жаныбарлар жөнүндөгү мифтер жана башкалар) ит төрөсү Кумайык, куш төрөсү Буудайык, төөнүн пири Ойсул-Ата, койдун пири Чолпон-Ата, уйдун пири Заңги баба, жылкынын пири Камбар ата жана башкалар болуп, ар бири өз-өзүнчө жиктелет. Ат кудайы мифологиялык түшүнүк катары байыртан бери белгилүү, маселен кытайдын элдик мифологиясында Маван-ат төрөсү аталып жылкы тукумунун кудайы катары эң байыртан келаткан культ. Болгондо да ал моңголдор менен чектеш Түн. Кытайда кенен таралган (Мифы народов мира, М., 1982, 2, 86—87-с.).
Байыркы көчмөн уруулардын чарбалык жана жоокерчилик турмушунда аттын ролу өтө зор болгон. Ошо себептүү атка айрыкча ызат менен карашкан. Анын адамга кылган ак кызматын баалашкан, күлүктөргө тен беришкен. Ушундай асыл касиеттери жана канаттуудай учкулдугу үчүн аны асманга танапташ кылышкан. Байыркы түрк-моңгол урууларынын мифологиялык түшүнүгүндө асман — карапайым көр пенделер жашаган кара жерден айырмалуу духтар менен теңирлер мекендеген ажайып бир чөйрө. Демек, ат асманга танапташтырылуу менен теңирге теңештирилген. Теңирди болсо түрктөр күн түспөлдүү элестетишип, көкө теңирдин жүзү деп күнгө сыйынышкан. Бул жагынан алганда дүйнөдөгү эң байыркы диндердин бири Зороастризм культуна оропара келген, күнгө, отко (очок) табынып, ыйык тутуу жагынан окшош мотивдер чыгат. Ошентип, ат алардын аң-сезиминде күндүн ыйык символуна айланган. «Күлүк атуу күндүн» символдору болушкан тулпарлардын образдары алардын искусствосунда эң кеңири колдонулган. Ыйык асман атынын жарташтарга тартылган сүрөттөрү Борбор Азияда биздин заманга чейин миңинчи жылдарда эле пайда боло баштап, биздин заманга чейин 8—5-кылымдарда алар Саян-Алтай тоолуу жерлери менен Моңголиянын мейкин талааларынан тартып Скиф-Сак дүйнөсүнүн күн батыштагы чегине чейинки көз жетпеген аймакта кеңири таралган. Жоокерчилик доорлордо жашаган байыркы көчмөн элдер атты акылдуу жаныбар, ишенимдүү жардамчы катары барктап, кадырлаган. Жоокерлердин күрөшү менен жеңишинин ажырагыс атрибуту болгон жакшы аттар, анын ичинде кереметтүү касиетке ээ канаттуу тулпарлардын образы эл чыгармаларынан туруктуу орун алган өзүнчө бир идеалдар. Эл аралык салттык орток мотивге негизделген мифтик тулпарлардын эпикалык образы жаратылыштан тышкары (сверх «естественный») «канаттуулугу» менен мисалы, грек мифтеринде Пегас жана Көруулунун Гыраты, Алпамыштын Байчубары өзгөчөлөнөт. Канаттуу тулпарлар баатырдык жомок тибиндеги эпостун алгачкы үлгүлөрүндө ээсинен жогору коюлуп, каарман аткара албаган кыйын милдеттерди аткарат. Айткан акыл-кеңешин аткарбай душман тарабынан өлтүрүлгөн ээсин ар кандай кереметтүү жол менен тирилтет. «Барса келбестеги» кайнак көл, от көлдөрдөн өтүп, укмуштуудай тоскоолдуктарды жеңип, аял алып берет ж. 6. сапаттык артыкчылыгын көрсөтөт. Мунун өзү канаттуу тулпарлардын образынын байыртадан бери элдик эпостордон кеңири орун алып келгенин белгилейт.
Түрк-моңгол элдеринин эпостору сыяктуу эле «Манас» үчилтигинде сыпатталган аттын мифтик элементтерди сактап калышынын бир белгиси катары баатыр минген тулпардын капталында канаты болот. Канаттуу аттын мифтик образы үчилтиктин башкы идеал баатырларынын каршысында турган эпикалык душмандардын айрым өкүлдөрүнө кызмат кылган терс күч катары сүрөттөлөт. Үчилтиктин көркөм образдар системасындагы терс каармандардын ичинен Кожожаш менен Чынкожо К. а. минип согуш майданында жүргөнү айтылат. Алар минген тулпарлардын өзүнө гана таандык сын-сыпаты, өзгөчөлүгү, энчилүү аты (кличка) бар. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Кичи казатта» кытайлардын көзгө атар мергени Кожожаштын (Шапак Рысменде уулунда Шыпшайдар деп аталат) кыргыздын кыйын баатырларын окко учурууда минген аты асман менен учуп жүргөн Куубайталдын ролу зор. «Семетей» бөлүмүндө ички душмандардын көрүнүктүүлөрүнүн бири Чынкожо да К. а. минип, асмандап учуп, Семетейге уруш салат. Чынкожонун канаттуу Кара аты эпосто төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Эр Семетей киргенде,
Семетейдин айбатын
Кан Чынкожо билгенде,
Кара ат менен чаргытып,
Аңгемесин арбытып,
Чыдай албай шашканда,
Чынкожо чыкты асманга.
Көк жорудай айланып,
Учуп жүрөт асманда.
Чынкожонун Кара аты:
Капталында бар эле


Калдайган эки канаты (Курама варианты, «Семетей», 222) болгон канаттуу Кара ат минип учуп урушкан Чынкожо Семетейлерге үстөмдүк кылат. Качан гана Күлчоро канатка атканда Кара ат жерге түшүп, Чынкожо жеңилет. «Сейтек» бөлүмүндөгү эпикалык башкы душман Кыястын Тооторусу асман менен учат, адамча сүйлөй алат. Тоотору тулпарды анын өзүндөй эле керемет күчкө ээ Айчүрөк «тилин байлап», «койго жеткис, уйга жеткис» кылып багындырат.
«Манас» изилдөөчү окумуштуулар (Р. Сарыпбеков) мифтик-фантастикалык тулпарлардын баштагы оң образы (башкача айтканда кереметтүү колдоочулугу) өзүнүн эволюциялык өнүгүшүндө эки тенденцияга туш болорун белгилейт: «Аттын образынын оң багытта өнүгүүсү акырындап мифтик касиеттеринен ажырап, кадимки жердик атка айлануу менен башкы идеал каармандын ишенимдүү жардамчысы боюнча калат. Ал эми экинчи учурда мифтик-фантастикалык касиеттерин (канаттуулугун) дагы эле сактап калуу менен, коомдун алга өскөн көз карашында айыпталган жат көрүнүш катары терс мүнөзгө ээ болуп, жаманчылыктын (зло) өкүлү катары душман тарабына кызмат кылат, жакшылыкты (добро) көздөгөн оң каарман өз максатына жетишине тоскоол болот, терс каармандарга кереметтүү жардамдарды көрсөткөн ишенимдүү жолдошуна айланат» — деп белгилейт. Эпикалык душман элдин тулпар аттарындай адаттан тышкары укмуштуу сапатка, мифтик катмар негизин түзгөн баатырдык эпостун баш каарманы Төштүктүн Чал-куйругун айтпаганда, «Манас» эпосунун бүгүнкү колдо бар негизги варианттарындагы оң каармандардын эч кимисинин аты ээ эмес. Ырас, мындан бир кылым мурда эле. Ч. Валиханов жазып алган вариантта Аккуланын «бир жагында 21, бир жагында 20 канаты бар, аркасында ажыдаар түгү бар» укмуштуу тулпар катары сыпатталат. Айтуучулардын түштүк группасынын айрым өкүлдөрүнөн жазылган варианттарда жоодон жараланган Манасты канаты бар Аккула ала качып куткарып айыктырганы айтылат. Мунун өзү анын алгачкы образы мифтик-фантастикалык аттардан башталып, коомдун алга жылышы, аң-сезим, көз караштардын өзгөрүшү менен кошо акырындап жердик атка айланганын көрсөтөт. Негизги варианттарда (Сагымбай Орозбаковдун варианты, Саякбай Каралаевдин варианты) Манастын Аккуласы эти кызыган кезде өпкөсүнөн канат өсүп чыгары эскерилет. Эпикалык душмандардын башкы баатыры «Коңурбайдын Кара аты Кара атынын бар эле, Капталында канаты» деп ээсин дайыма кысталыш учурда «куштай учкан күлүктүгү» менен ажалдан куткарат. Бирок, Кожожаштын Куубайтал, Чынкожонун Кара аты сыяктуу Аккула да, Алгара да асмандап уча албайт. Манасчылар аларды сыпаттоодо канчалык гиперболизациялабасын жердик аттын табигый чегинин рамкасынан чыгарбайт. Жалпы эле үчилтикте чагылдырылган оң, терс каармандардын минген аттарынын образдарында өз-өзүнө мүнөздүү айырмачылыктары болуу менен бирге, негизинен алардын күлүктүгү, чаалыкпастыгы баса көрсөтүлөт.
С. Алиев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАНАТТУУ КАБАРЧЫ — фольклордук чыгармалардын баш каармандарынын окуясы, дарек-дайны, ал-абалы жана башкалар жазылган каткабарларды жеткирүүчү куштар. Табияттын жапайы күчүн элестеткен ар кандай канаттуу байланышчынын кат ташып кабарчылык кылышы жөнүндөгү жөө жомоктук мотивдер түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында кеңири учурайт. Бизге жомок жана миф түрүндө жеткен мындай мотивдердин келип чыгышы жаратылыштын табигый мыйзамдарын билишпеген байыркы адамдардын анимисттик түшүнүктөрүнө байланыштуу экени белгилүү. Байыркы коомдо жашаган түшүнүгү чектелүү адамдар айбанаттарды да адам сыяктуу ой жүгүртүүгө, сүйлөшүүгө жана эс-акылдуу аракет жасоого жөндөмдүү деп ишенишкен. Айрыкча канаттуу куштар менен эпикалык каармандардын ортосундагы байланыш элдик баатырлардын туткундалып ордо (зынданда) жаткан же жарадар болгон учурдагы оор абалын билдирген катын алыста калган элине жапайы каз, торгой, көгүчкөн жеткиргендиги бир катар эпостордо салттык түрдө баяндалат. Академик В. М. Жирмунский К. к. жөнүндөгү мотивди түрк элдеринин баатырдык жомокторунда (эпосторунда) кеңири кездеше турган эң эски мотивдердин бири катары карайт. Ал эми Алтай эпосторун изилдөөчү А. Коптелов К. к-дын алтай эпосторунда болушун «көгүчкөн почточу» жөнүндөгү түшүнүктүн поэтикалык чагылышы деп эсептейт.
Түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларынын баш каармандары менен канаттуулардын ортосундагы байланышты, ал гана эмес тектештиги, жакындыгы жөнүндөгү түшүнүктөрүнөн келип чыккан көз караштардын эпостордогу калдык элестери экенин мына бул маалыматтар аныктайт: алтайлыктардын «Алтай-Буучай» эпосунда эки өрдөк, хакас элинин «Судэй-Мерген» жомогунда чабалекей, «АйМерген жана Алтын кыз» жомогунда эки үкү, бурят-моңголдордун «Гэсэринде» карга, тоту куш, казактардын «Козу Көрпеш, Баян Сулуусунда» бакма кара кучкач, өзбектердин «Алпамышында» жапайы каз, «Равшанда» кара кучкач кат ташып, кабарчылык милдет аткарат. Кыргыз эпосторунда да канаттуулар кабарчылык милдетти аткаруу менен элдик ишенимде зор симпатияга ээ. Мисалы, «Жаныш, Байышта» көгүчкөн, «Эр Табылдыда» күкүк, «Олжобай менен Кишимжанда» торгой, «Манаста» көгүчкөн аркылуу кабар бериши эпостордун байыркы жомоктук-мифтик абалына байланыштуу болот. «Манас» эпосунда ушуга жакын элес Коңурбай канатына кат байлап Эсенканга жиберген Карганын, кытай чегин кайтарган тыңчы-кабарчы Куу Өрдөктүн образынан көрүнөт. Эпосто кат ташыган Көгүчкөн делбей, Карга менен алмашылган мифтик кабарчынын терс мүнөзү — анын эпикалык душмандарга кызмат кылышы менен түшүндүрүлөт. Демек, кабарчы канаттуулардын эпикалык каармандар менен болгон байланышын ошол байыркы доордогу «көгүчкөн почточу» жөнүндөгү түшүнүктүн кыргыздын улуу жана кенже эпосторунда чагылган жаңырыгы катары каралууга тийиш.
С. Алиев